Биз социалдык тармакта

Блогер Элмир Сыдымановдун апасы президентке кайрылуу кат жасады

"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган.

Блогердин апасы Махабат Молдомусаева 21-февралда президентке кайрылуу кат жасады. Анда Махабат айым баласына эскертүү деле жетиштүү болмок экенин айтат. Катты өзгөртүүсүз беребиз:

"Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден башка кайрылчу арга жок калды. Биринчиден, сиздердин алдыңыздарда, жалпы кыргыз элинин алдында мен эне катары кечирим сурайм. Сизге кайрылуумдун себеби, баламдын соттук ишине адилеттүү кѳзѳмѳл жүргүзүп коюңузду ѳтүнѳм.

Мен, Элмир Сыдымановдун жалгыз бой апасы болом. Балам Инстаграмда Сыдыман деп катталып, блогерлик иш алып барчу. Анын блогерлик менен алектенүүсүн мен такыр туура кѳрбѳйм. Балам катуу жаңылып алды. Ал жаштыгы менен ѳзүнүн эмоциясына ээ боло албай, анын баракчасына катталган хейтерлердин сѳгүнгөн комментарийлерине жооп берем деп туура эмес сѳздѳрдү сүйлѳп алган. Балам ошол эле күнү сѳздѳрү хейтерлерге даректелгенин, жалпы түштүк элине эмес экенин тактап, кечирим сураган. Эми Элмир Кылмыш кодексинин 313 -беренеси менен шектелип, 7 жылга эркинен ажырашы мүмкүн деп жатышат. Видеону кѳрдүм. Сѳгүнүптүр, ѳз оюн айтыптыр, бирок эч кимди аймактык кастыкты жаратууга үгүттѳбѳптүр. Балама болгону түшүндүрүү иштери жетиштүү.

Менин акыбалымды түшүнүңүз. Эненин жүрѳгүн эске алыңыз. Элмир үйдүн улуусу жана анын кичинекей бѳбѳктѳрү бар. Сураштырсаңыз тез ынанасыз. Биздин жашоо шарт ѳтѳ оор. Элмир ѳзү жаш бала болгону менен биздин үй-бүлѳнү камсыз кылган жалгыз ушул бала. Балам кичи пейил, ѳзүнүн жардамын аябаган, саламы түз адам.

Айтмакчы, балама издѳѳ салынганын милиционерлер бизге айткан эмес. Балам Алматыда болчу. Үйгѳ укук коргоочулар келишип "балаңыз бизге жолугуп кетсин" деп эле билдирген. Балама ѳздѳрү дагы телефон чалышып, 17-февралда кел дешиптир. 17-февралда Элмир Бишкекке ѳзү келди, анан ошол күнү милиция бөлүмүнө балдар менен чогуу барып, ал жерден аны алып калышыптыр. Тергѳѳгѳ эч тоскоолдук жараткан жок. Эртеси, 18-февралда Элмирди коё бербестен эки айга камап коюшту.

Баламдан башка менин таянар кишим жок. Мен анда-санда ашпозчу болуп иштечү элем, эми жумуштан дагы айрылдым. Азыр мен сыртка чыга албай калдым. Элдин бетин карай албай калдым. Үч балам тең февралдын башынан бери кооптонуп мектепке барыша элек. Балам адам ѳлтүргѳн жок, уурулук кылган жок, эч бир адамдын ден соолугуна зыян келтирген жок, анын айткан сѳздѳрүндѳ эч кимди касташууга дагы чакыруу болгон жок. Болгону ѳз оюн сѳгүнүү сѳздѳр менен айтты. Эфирден сѳгүнгѳндүгү үчүн 7 жылга соттоо бул ѳтѳ адилетсиз.

Элмирдин эки жакты бѳлѳйүн деген такыр ою жок. Мен ѳзүм Жалал-Абад облусунун Кара-Кѳл шаарынан болом. Мен дагы түштүктүкмүн. Муну менен Элмирдин элди экиге бѳлѳйүн деген ою болгон эмес экенин баса белгилейм.

Сизден терең ѳтүнѳѳрүм, эне жүрѳгүн эске алып, биздин оор турмуш шартты эске алып, Элмирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү гана жетиштүү экенин эске алып, баламдын соттук ишине, катардагы жарандын үнүн уккан айкѳл эл башчы катары адилеттүү кѳзѳмѳл жүргүзүп коюңузду тереӊ ѳтүнѳм", - деп жазылат кайрылуда.

Мындан тышкары блогердин апасы акыйкатчыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана укук коргоо органдарына дагы ушул эле кат менен кайрыларын кошумчалады.

Аймактар аралык кастыкты козутууга шектүү Сыдыман 2 айга камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
emirchik
2020-02-22 12:15:59
Сыдыман тарбиясы жок балакен эскертуу жетишпейт ал балага башкаларгада Эскерти болуш керек Оштук Аркалык болуп болунгондорго Тура чечим 7 Жылга камалсын Тарбия алып чыксын ошол жактан!
+14
bekiw.801
2020-02-22 12:18:32
7 жылга кесип камабай эле 1 ай жаза жана эскертүү жетет болчу. Биздикилер бөрк ал десе баш алат да.
-9
Ananaska
2020-02-22 12:22:45
Кыздарды шылдын кылганда эжеке кайда элениз дейсинер жанды кашайтып, ал кыздар оздору чыгып аткандан кийин, добровольно суроллоруна, шылдындарын кабыл алып атпайбы на "хайпе". Это его деятельность! Во вторых, ошол кыздар тарабынан Э.Сыдымановго милицияга арыз тушту беле? Жок. Демек, кыздарды шылдындагынын "кылмыштуулук" деп эсептеген туура эмес. Следовательно "тушундуруу иштери" жетиштуу
-9
Aidar.001
2020-02-22 19:05:24
Ananaska,Тоо десе Бээ дептирсин го сен бул жерде! Кылмыш иши башка себептерден козголду, а талкуу анын кылган жоруктары боюнча болуп жатат!
+1
Ananaska
2020-02-23 07:13:49
Aidar.001, бээ деп жазылганын силер эле коргон окшойсунар.
-1
Rashit
2020-02-22 12:24:23
Эми ал жакта тийгизет
+12
keku00
2020-02-22 23:27:27
Rashit, Ким?)))))
0
Dembele84
2020-02-22 13:46:15
Суйлогондо озун кудай сезип алыптыр эле го,бардык нерсени чечип жиберчудой,озун звезда сезип.Мышык эле болуп калгандырсын нарака киргенден кийин.Норма жазалаш керек бок мурунду,сабак болсун кийинки кок мээлерге!!!
+15
chake
2020-02-22 13:48:57
катуу жаза колдонгула мен өзүм көлдөн болом бирок ошто служба кылып келген бала катары айтсам түштүк элин өз көзүм менен көргөндөн кийин сыйлапмкалдым жана биз россиянын бир районуна чыкпаган калкпыз ынтымактуу бололу демекчимин
+13
Kuyoo_bala
2020-02-22 13:55:44
Камалсын,жазасын алсын дегендер плюс баскыла
+8
kelemdedin
2020-02-22 14:50:08
Баланыз башка бироонун кыздарын шылдындап бут Кыргызстанга жайып жатканда ал кыздардын энесин эске алып насаат кылдыныз бекен?
+11
010288
2020-02-22 15:02:34
Мурдараак эле балам кыс деш керек эле да
+8
Azatbek.Svoboda.
2020-02-22 15:49:57
Акмак бала экен энесин ойлоп койсо болмок!Коренный Бишкектиктер эмес Бишкеке барып калышкан же туулуп оскон айбандар оздорун месный сезип Ата-Энесин каяктан келгени менен иши жок дардандашат!Миллионердин баласындай кыйын эле!Артына карап иш кылса болмок!
+7
kolbasa
2020-02-22 16:36:24
Туура эле кылды
+4
Tyty1990
2020-02-22 16:40:41
Азыр мода окшойт айла жокто президентке кат жолдомой.бул сыдыман Оозуна алы жетпесе юбка кийип жүрбөйбү
+4
Maero
2020-02-22 17:16:58
Бул баланы коруп, ушул баланын энеси барбы же кандай адам тарбиялады экен деп ойлочумун. Себеби: айрыкча кыздарды оюнчук катары корот. (Бир чети кыздар озу да куноолуу) Суйлогон создорунон, эфиринен эч кимге пайдасы жок. Коомго зыянын тийгизет. Эгер сизде чындап энелик журогунуз болсо, баланызды жакшы тарбиялашыныз керек эле. Эми эфирге айткан создоруно келсек,Оштуктар онолбойсунар, онукпойсунор мага жакпайсынар ушул 3 эле созу болуунуго жатат.
+8
Nursul
2020-02-22 20:07:49
Апасына боорум ооруду чынында бирок ал бала жоопко тартылышы керек сыдыманга окшогондорго сабак болот
+2
ajos
2020-02-22 20:31:51
Албетте Сыдыман туура эмес иш кылды. Менин оюмча жетиштуу эле жазасын алды го дейм. Озун болбосо да, апасын аяп катуу эскертуу менен кое бериш керек. Мындан жакшы эле сабак алды го. Мындан да оор суйлогон бир шумшук кызды камашкан жок го. Дача-Суудагы окуядан кийин элди болуп айткан медколледжде иштеген мээси жок кыз бар эле. Анын таанышы кучтуу болуп, камашкан эмес. Чындык кайда?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан