Биз социалдык тармакта

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 953 кызматкерине социалдык кызматкердин ыйгарым укуктары берилгени айтылды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 953 кызматкерине социалдык кызматкердин ыйгарым укуктары берилгени айтылды. Бул тууралуу кечээ, 21-февралда "Республика - Ата-Журт" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, камкордукка алынгандардын басымдуу бөлүгүн улгайган, майып адамдар, кароосуз калган балдар, жалгыз бой аялдар түзөт.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров социалдык кызматкерлер болжол менен 6500-7800 сом өлчөмүндө эмгек акы аларын белгиледи. "Социалдык кызматкерлерге жол кире менен иш сапар чыгымдары каралбагандыктан, алардын материалдык акыбалы андан оорлошот. Алардын түйшүгү дагы өтө арбын. Биз азыр алардын маянасын көтөрүүгө каражат издеп жатабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekalife
2020-02-23 21:38:23
Орун алмашуудан сумма озгорбойт
0
bekalife
2020-02-23 21:42:21
Мисалы мен айыл окмотто иштейм соц адис болуп. Бизге иштин баарын жуктоп айлыкты азайтып жатышат. Мындай жол менен маселе чечилбейт. Соц.помощко бериш керек ыйгарым укукту. Себеби айыл окмотто нагрузка коп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан