SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз мамлекетинин жарандарын Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайт!
Бүгүн, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү. 2003-жылдан тарта Кыргыз өлкөсүндө бул күн календарда кызыл дата болуп, белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып, өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында бул күндү Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган.
Ар бир Кыргыз жараны үчүн мекенин сүйүү ыйык парз болуп саналат. Ата Мекенди коргоочулардын күнү - мекенин коргоого, эл-журтуна ак кызмат кылууга ант берип, аны абийирдүүлүк менен аткарып жаткандардын майрамы. Жалпы Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктайбыз. Аларга бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалайбыз!