Кечээ, 23-февралда Жумгал районуна караштуу Кызыл-Коргон айылында Кытай жарандары болгон жол куруучулардын иштешине каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Жашоочулардын айтымында, Кытай жарандары Кызыл-Коргон айылына коронавирустун очогу болгон Ухан шаарынан да келишкен. Атын атагысы келбеген жергиликтүү жашоочу төмөндөгүдөй маалыматтарды айтып берди.
"Буга чейин деле Кытай жарандары жол куруп иштеп жатышкан. Бирок жакында дагы алтоо кошулду. Аларды биздин аба майдандан дене табын ченеп туруп эле коё беришиптир. Эми алардын ичинен төрт Кытай жараны биздин айылда карантин деп изолятордо жатат. Ухандан аял-күйөөсү болгон жубайлар келгенин билебиз", - дейт айыл жашоочусу.