Биз социалдык тармакта

Тогуз-Торо милициясы мигрант үй-бүлөлөрдүн балдарынан кабар алды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБинин кызматкерлери мигрант үй-бүлөлөрдүн балдарынан кабар алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдарды колдоо жылына карата Тогуз-Торо РИИБинин кызматкерлери айылдарды кыдырышып, өспүрүмдөрдөн кабар алышты. Аймактык участкалык инспекторлор, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери район аймагындагы Тогуз-Торо, Атай, Көк-Ирим, Сары-Булуң айыл өкмөттөрүндөгү айылдарга барышты.

Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси миграцияда жүргөн өспүрүмдөрдүн жашоо шарты менен таанышып, түшүндүрүү иштерин алып барышты. Мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган жумуштар жүргүзүлдү. Ата-энелерге милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдү ар тараптуу колдоо керектиги айтылып, аларга сабактан сырткары көзөмөл салып туруу зарыл экендиги эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан