Кыргыз өлкөсүндө залалдуу шишик дартына кабылгандардын 40 пайызын дартты алдын алгандар эмес, дарылоого кеч болуп бара жатканда кайрылгандар түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтты.
Айтымында, залалдуу шишик дарты менен ооругандардын арасында биринчи орунда аялдардын жыныс органдарынын рагы турат.
"Онкологиялык оорулардын арасында биринчи орунда аялдардын жыныс органдарынын залалдуу шишиги турат. Ал эми экинчи орунда сүт безинин тагыраагы, көкүрөк рагы турса, үчүнчү орунда ашказан рагы басымдуу", - деди Каратаев.