Биз социалдык тармакта

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбековдун атасы дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбековдун атасы Топчубай Төрөбеков дүйнө салды. Бул тууралуу ырчынын кесиптеши, досу Баатыр Өмүрзаков билдирди.

"Топчубай атабыз өмүр бою дыйканчылык менен алектенип, абдан тың, шамдагай жүрчү. Акыркы 1-2 жылда ден соолугунда маселе жаралып, ооруп жүргөн. 24-февраль күнү Ошто ооруканада 84 жаш курагында дүйнө салды", - дейт кесиптеши.

Эске салсак, Кыргыз улуттук филармониянын солисти, "кыргыздын Баскову" атка конгон Чырмаш Төрөбеков Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. "Атам менен энеме", Ак чардак", "Жүрөктө калды арман" жана башка ырлардын аткаруучусу.

SUPER.KG порталынын жамааты Чырмаш Төрөбековдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан