Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Казак чек арасында алма, айнек жана "Herbalife" продукцияларын мыйзамсыз өткөрүү фактысы катталды

Кыргыз-Казак чек арасында алма, унаанын айнегин, түтүк жана "Herbalife" продукцияларын мыйзамсыз алып келгендер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришет.

Ага ылайык, көзөмөл-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн бир катар товарларды ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактылары катталган.

"Чоң-Капка" авто жолу контролдук өткөрмө пунктунан 21 тонна 800 килограмм алма, 2 миллион 300 миң сомдук түтүк, 17 миллион 700 миң сомдук 1 442 даана унаанын айнегин алып кирүү аракетине бөгөт коюлган. Бардык импорттоочуларда товарларды ташып кирүүгө Салык органынын маалым каты болгон эмес.

"Ак-Тилек" авто жолу постунан айдоочулар 8 тонна 200 килограмм пеноплекс, товарларды ташып кирүүгө Салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалым каты менен 974 миң сомго 1 304 коробка жемиш жана коштомо кагазы жок 4 миллион 400 миң сомдук консолидацияланган жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан.

"Чалдовар" контролдук-өткөрмө пунктунан товарларды ташып кирүүгө Салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалым каты менен 65 коробка "Herbalife" продукциясын алып өтүп бара жаткан унаа кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилгени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2020-02-26 11:10:20
азыр баардык чек ара өтмөктөрдө видео камералар коюлуп жакшы болуп калды
+1
Absamat-90
2020-02-26 11:12:06
Озубуз ушинтип мыйзам бузабыз да анан кокуй чек араны жапты, окмот карабайт деп чыгабыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан