Бишкек жүргүнчүлөр ишканасы дагы 100 автобус алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Конкурстун шарты боюнча автобустар экологиялык талаптарга жооп бериши керек.
"Мындан тышкары коомдук унаа 70тен ашык жүргүнчүгө ылайыкталып, орундуктардын саны 26 болушу шарт. Ошондой эле алына турган автобустар жаңы, 2020-жылы чыгарылган болушу керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дагы бардык шарттар каралышы зарыл. Бул долбоорго шаардык бюджеттен жалпысынан 650 миллион сом каралууда", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия тендерге катышуу үчүн табыштамалар 2020-жылдын 18-мартына чейин кабыл алынарын эскертет.