Биз социалдык тармакта

Журналист Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды

Журналист Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Ал 1974-жылы туулган, билими жогорку. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1998-2005-жылдары Нарын облустук телерадиокомпаниясында диктор, 2005-2013-жылдары КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчысы болуп иштеген. Ал эми 2013-жылдан баштап “Ала-Тоо 24” каналынын жооптуу чыгаруучу редактору болуп иштеп келген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан