Москвада Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине белгисиз жаран оозун тиктирип келген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Кечээ, 26-февраль күнү Москвадагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине бир киши оозу тигилген абалда келген. Окуя тууралуу маалымат укук коргоо кызматкерлерине саат 17:00дө түшкөн. ИИМ кызматкерлери жаранды кармап, Якиманка районундагы аймактык бөлүмгө алып барып, медициналык кызматкерлерди чакырышкан. Айрым басылмаларда жаран абакта отурган Садыр Жапаровду колдоо максатында чыккандыгын жана жанында "Садыр Жапаровго эркиндик. Мен өз өлкөм, мекеним, жаркын келечегим үчүн ачкачылык жарыялайм" деген плакат болгондугун жазууда. Башка булактар болсо анын жанында плакат болбогонун айтууда.
Окуя тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги "Бул чындыкка дал келбейт. Мындай окуя болгон эмес" деген маалымат берген.