Аламүдүн районуна караштуу Энергетик шаарчасында жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кудуктан эркек кишинин жансыз денеси чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.