Биз социалдык тармакта

Депутат өкмөт өкүлүнөн "Быйыл кургакчылык болобу?" деп сурады

"Бул жылы кар аз жаады, кургакчылык болобу?" деп бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов өкмөт өкүлдөрүнөн сурады.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаевдин айтымында, гидрометтин маалыматы боюнча, бассейндердеги суунун деңгээли нормасынан төмөн. “Апрель айында так маалымат берилет. Былтыркы жылга салыштырмалуу суу тартыштыгы бир аз жаралышы мүмкүн”, - дейт ал.

Учурда Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөт маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2020-02-27 11:14:59
Бул каяктан билсин "зима не будет" ден сурасаңар .
-1
bbek
2020-02-27 14:21:28
жогоруга жазайын десем талкуу жабык экен кечиресинер бул жака жаздым.негизи бизге дыйкандар учун айыл чарба министрлиги эмне кылып берип жатат.жер семирткичти ортомчулардан алсак.солярканы базар баасында заправкадан алсак.тушумубузду арзан сатсак.негизи бул министрликтин кереги барбы?ар ким озу менен озу мисалы мен эгемендуулукту алгандан бери бул министрликтин жарым тыйынчалык пайдасын коргон жокмун.же эптеп эле кун откоруп айлык алса болдубу?
+2
Bakyt.shutov
2020-02-27 20:28:58
bbek,Туура айтасын.бир тыйынчылык пайдасы жок бул министрликтин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан