Биз социалдык тармакта

Айыл чарба министри: "Бүгүнкү күндө бардыгы болуп 2 848 гектарга тамчылатып сугаруу системи киргизилди"

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков өлкөдө канча гектар жер тамчылатып сугарылып жатканын сурады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев тамчылатып сугаруу боюнча 2014-жылдан бери иш жүрүп жатканын айтты. "Бүгүнкү күндө бардыгы болуп 2 848 гектарга тамчылатып сугаруу системи киргизилди", - дейт министр.

Ошону менен катар эле депутат канча күнөскана бар экенин да сурады. Министрдин айтымында, күнөскана боюнча бардыгы болуп 203 гектарга айдалып жатат. Ал жерде эң көп продукция помидор менен бадыраң болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан