Буга чейин Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын тургуну "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылган. Кайрылууда өкмөт башчынын буйругу менен кенже тейлөөчү кызматкерлерге айлык акысына 2 эсе акча кошулат деген буйрук чыкканын, бирок ага мектепте пол жууп иштеген кызматкерлер кошулбай турганын айткан. Тургун эмне себептен кошулбайт деген суроо салган.
SUPER.KG порталы бул суроо менен Финансы министрлигине байланышканда алар төмөнкүчө жооп берди.
"Мектептерде пол жууп иштеген кызматкерлерге акча кошулбайт. Аларга 2015-2016-жылдары 30 пайызга чейин кошулган", - дешти басма сөз кызматынан.