Биз социалдык тармакта

Милиция кызматкерлери 2-мартта митингге чыкпагыла деп тургундардан суранып жатышабы? Чүй ОИИББи жооп берет

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери Аламүдүн, Кой-Таш жана Чүй облусунун тургундарын массалык түрдө райондук ички иштер бөлүмүнө алып келип, 2-март күнү боло турган митингге чыкпагыла деп суранып жатканын жазып чыккан.

Бул боюнча Чүй ОИИББи төмөнкүлөрдү маалымдайт.

"Жогорудагы айтылган маалымат чындыкка дал келбейт. Себеби азыркы учурда Аламүдүн РИИБи гана эмес, республиканын бардык аймагында ири масштабдуу ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Иш-чаранын максаты, көчөлөрдө, коомдук жайларда тартипти жана мыйзамдуулукту, кылмыш иштерин жасап качып кеткен адамдарды кармоо, уурдалган буюмдарды табуу, кылмыш иштердин бетин ачуу, каттоодо турган адамдар сүйлөшүү үчүн РИИБге чакырылууда. Мындан улам Чүй ОИИББи ыкчам иш-чараларды жарандар түшүнүү менен кабыл алууну суранат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2020-02-28 15:29:40
2-мартта эмне митинг болобу?
-4
Absamat-90
2020-02-28 15:51:09
Jaznura, азыр жада калса жума намазга барбай тургула коопсуздук үчүн деп жатат. Коронавирус бир аз басаңдап калганча.
-4
baisogur
2020-02-28 15:49:08
Митинк кылсанар мен анти митингке чыгам!акчага чыкканы бар бекер зееригип чыкканы бар Жан ачып бири саясат издеп митинг кылганы бар ошол учун шайлоодо Тууганым эле досумун жеени экен деген теманарды токтотуп чыныгы лидерди шайлагыла,анан митинг пикет деп самсалап жолду чанытпай тынч отургула,башындагы сасыткы озубуз анан башканы сындап куноолойбуз
-5
Kyrgyz_bloger
2020-02-28 16:04:12
Окмот элди жалганчы кылып алды бир нерсе десе эле чындыка дал келбейт деп.
+6
aydinnur
2020-02-28 17:55:41
Эскертип жатса иш чатаак..Зоотехниктин журогу дук дук,инисиники бык бык болуп жаткан го))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан