Өзгөн районунда коронавирус катталдыбы? Кырдаал тууралуу министрлик жооп берди

Учурда социалдык тармактар, WhatsApp мессенжери аркылуу тараган окуя, тагыраагы Ош облусунун Өзгөн районунда бир жаран коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда бир жаран коронавируска кабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус катталган жок. Кыргыз өлкөсүндөгү эпидемиологиялык абал туруктуу. 28-февраль күнү Өзбекстан аркылуу Түштүк Кореядан келген 1 Кыргыз жараны жана 2 Орус жараны Кара-Суу районундагы "Достук" көзөмөл-өткөрмө пунктунан өткөн. Санитардык-карантин пунктунун кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмге ылайык, аларды мындан ары көзөмөлдөө үчүн убактылуу обсерваторияга жеткиришкен. Учурда баарынын абалы канааттандырарлык, коронавирустун белгилери жок", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aerforce
2020-02-29 12:35:14
Чындыкка дал келбейт дебей дыкат текшергилечи онуккон мамлекеттердин айласы кетип жатат ал эми биз кырылып эле калабыз дееги абайлайлычы
+11
abusait
2020-02-29 12:42:59
Орустарды россияга депорт кылыш керек
-6
Paol
2020-02-29 18:38:42
abusait,причем тут орустар? Билесизби Орусияда биздин канчалаган мекендештерибиз иштеп жатат??
+3
zhaku2017
2020-02-29 12:51:16
Кыргызстандан коронавирус чыкса Россия созсуз чек арасын жабат.
+5
gute
2020-02-29 13:01:00
zhaku2017, Не только Россия. Казактар, Озбектер бут жаап алышат . Аран эле турат булар
+7
urmat94
2020-02-29 12:52:15
Жалган маалымат тараткандарды жоопко тартыш керек
+16
Krai
2020-02-29 12:55:31
Кайсы жерде болбосун дайыма жамандын кесепети дегендей тиги туугандар дайыма илешип эле жүрүшөт азыр да ошолордон түштү деп жатышат го
+8
Mambetali
2020-02-29 13:53:16
Ооруну жашырсан олум ашкерелейт дейт беле... Чындыка дал келбейт деп качанкыга чейин алдайт экенсинер...
+8
bratanyn
2020-02-29 14:26:03
Ушул кытай кореядан келген башка жарандары киргизбей эле койгулачы байболгурлар!.Өзүңө сак бол,кошунаңды ууру тутба деген макал бар.
+6
pero5184
2020-02-29 15:25:51
Кырылып калабыз дегениңерди койгула
-3
Saliman
2020-02-29 16:39:40
Эмнеге кытай Корея Япониялар менен чек араны жаап салышпайт.бизде бул вирус чыккан болсо Казахстан,озбекстан , Россия сразу эле жаап салат чек арасын
+1
Aruujanshaxi
2020-02-29 16:54:19
Министликтин сөзунө ишениш ишенбешибизди билбей эле отуруп калдык го.Иликтеп табышсын да ошол голосовой жөнөткөндөрдү жазалашсын.Анан жалган деп айтышсын.Бир эле аялдын үнү мн эмес ар башка адамдардын үндөрү мн келип жатат.Балдарды мектепке жөнөткөндөн деле коркуп, башыбыз маң.
+2
AksyKum
2020-02-29 23:36:36
Aruujanshaxi,ошол аял фиосун айтып кечирим сурап суйлоптурго кайра
0
Dembele84
2020-02-29 19:20:20
Жашырган эч нерсенер жокпу деги?Баары жакшы деп эле атасынар,точно доказать эткен эч ким жок,чек арадан ити пити деле отуп атат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан