Кытайдан келген дарыгерлер тобу вирусологиялык лабораторияга барышты (фото)

Кыргыз өлкөсүнө келген кытайлык дарыгерлер тобу бүгүн, 21-апрелде Бишкектеги лабораторияга барышып, ал жактагы иш процесси менен таанышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, көмөк көрсөтүүгө келгендер санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды дарылоо департаментинин лабораториясында болушту.

"Кытайдан келген топтун арасында эпидемиологдор, вирусологдор, лабораториялык изилдөө жасаган адистер бар. Алар коронавирус менен күрөшүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеңештерин айтышты. Кытайлык дарыгерлердин айтымында, биздин вируска алган тесттерибиз, оорулууларды дарылоо ыкмабызда окшоштуктар бар.

Бул дарыгерлер тобу өлкөдө бир аптадай болушуп, жергиликтүү дарыгерлер менен чогуу иштешип, дарылоо ыкмалары менен бөлүшөт", - деп айтылат маалыматта.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
XATSAN125
2020-04-21 18:22:44
дагы кыйла кыргыз кырылат экен. Бир апта вирусунун кенири таратышат экен да
-6
bond02
2020-04-21 20:03:21
Ошол келген кытайларды жакшылап карагыла, алар кандай ойдо келишти экен.
+1
Shef87
2020-04-21 20:10:52
Лабораторияда дагы бир вирус иштеп чыкпасын бу ХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан