Биз социалдык тармакта

Дарыядан аккан жашыл суу. ӨКМ дарыянын суусунан анализ алынганын жана жыйынтыгы жакында чыгарын билдирди

Социалдык тармактарга тараган Aламүдүн дарыясынын булганышы жөнүндө видео боюнча текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чүй облустук жарандарды коргоо комиссиясынын курамындагы Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, Чүй облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы, Чүй-Бишкек токой чарбасынын жана айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү дарыянын айланасына текшерүү жүргүздү. Суудан анализ алынды. Башкача жыттанган жыт, жакын жерде балык же канаттуулардын өлгөндүгү аныкталган жок. Дарыянын агымы боюнча текшерүү жүрүүдө. Анализдин жыйынтыгынан толук чечим чыгат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарга "Аламүдүн дарыясында жашыл түстөгү суу агып жатат" деген аталышта видео тараган.

Аламединде жашыл суу агып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhaku2017
2020-02-29 21:51:49
Бироо бир нерсе тогуп жиберген.
+1
JaneEr
2020-02-29 22:07:21
Душмандар кылбаса болду.Башка олкодогу.Коронавирус суу аркылуу да жугат деп журот
+1
Kyrgyz_bloger
2020-02-29 23:05:02
Жана эле чындыка дал келбейт деп жатты эле го,оздору барып корбой эле,олтуруп алып айта беришет,иштебесенер кеткиле да,элди жалганчы кылбай,иттигинерди мойнунарга алгыла эми мэрия.
+8
tynara81
2020-03-01 15:17:31
Эмне үчүн чындыкка дал келбейт деп айткан адамдардан дагы бир жолу сурап көргүлөчү, эмнеге билип-билбей андай дешти эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан