Өзгөндө коронавирус жуктурган жаран бар деп жалган маалымат тараткан медайым жумуштан кетти. Маалыматты Өзгөн аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Сатар Жусупов ырастап, медайым өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди.
"Медайым күнөөсүн моюнга алып, мындан ары ооруканада иштей албай турганын билдирип 29-февралда арыз жазды. Ал жалган маалымат менен кызматкерлерге көө жапканын айтып иштен кетти", - дейт башкы дарыгер.
Буга чейин медайымдын билдирүүсү социалдык тармактарда, WhatsApp мессенджери аркылуу коомчулукка тараган. Анда Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Өзгөнгө келген Кыргыз жараны 27-февралда келери менен текшерүүдөн өткөн. Андан сырткары 14 күндүк карантинге Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Ошондон улам медайым аны коронавирус жуктуруп алган деген маалымат таратып жиберген. Медайым WhatsApp`тагы группаларга, курбуларына тамашалап жөнөткөнүн айтып, кийин коомчулуктан кечирим сураган.