Биз социалдык тармакта

ИИМ: "Митингде коомдук тартипти бузгандарга катуу чаралар көрүлөт"

Өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербей тургандыгын билдирди мекеменин басма сөз катчысы.

"Биз тараптан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ал үчүн ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты.
Учурда кылмыштуулукту алдын алууга, коомдук тартипти камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго терс таасирин тийгизип гана койбостон, республиканын башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат", - дешти маалымат кызматынан.

ИИМ бардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарга карата кескин чараларды көрөт. Ички иштер министрлиги коомчулукту туруксуздаштыруу боюнча чагымчыл жана башка жалган маалыматтарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын дагы бир жолу эскертет деп кошумчалады мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
talaa11
2020-03-02 09:24:55
Бийлик таптакыр элдин пикири менен эсептешпей калды. Озум билем каалаганымды жасайм деп как будто Кыргызстан оздорунун менчиги болгонсуп
+14
Isikkolumkeremet
2020-03-02 09:29:02
Садыр Жапаров чыксын!!!!!
+15
talaa11
2020-03-02 09:31:22
Кыпкызыл бандитти кызыл гилемде узатып жиберишти. А Мекен учун деп элдин уулу болгон С.Жапаров камакта жатат, бул кандай гана адилетсиздик??? Силер Кудай астында баарыбир жооп бересинер
+14
Agayu
2020-03-02 09:39:16
Кандай болсо да тынч отсун. Бийликтегилерге ыйман ынсап берсин !!
+4
TalaCSKA
2020-03-02 09:43:31
Бийлик элдин унун ук!!! элдин баары эле силерге окшоп кооздоп суйлой албайт, эмоция менен бирок чындыкты айтат! эмоция менен суйлогондорду кызыл шпаекчендер кармабагыла!уккула маанисин тушунугоо аракет кылгыла! бийлик туболук эмес эртенки кунунорду ойлогула!!!
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан