Бүгүн, 2-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги борбордук аянтта өтүүдө. Аны саясатчынын тарапташтары өткөрүүдө.
Митингди уюштуруп жаткандар коомдук тартипти бузбоону, таштанды таштабоону жана укук коргоо органдары менен пикир келишпестик жаратпоону суранып өтүштү.
Митинг расмий түрдө саат 13:00дө башталары да айтылды. Учурда каалоочулар чыгып сүйлөп жатышат.
Митингге чыккандардын саны болжол менен миңге жакын.