Учурда борбордук аянтта өтүп жаткан Садыр Жапаровду колдоо митингине коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев дагы катышууда. Ал митингде сөз сүйлөп, буларды айтты.
"Элдин байлыгын элге бергенде Садыр Жапаровдо мындай маселе болбойт эле. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин заманындагы адамдар абактан чыкты. Эмне үчүн Садыр Жапаровго мунапыс жана ырайым берилбейт? Биз азыркы өкмөт кетсин деген сунуш киргиздик. Болбосо кийинки шайлоо мындан дагы оор абалга алып келиши мүмкүн. Садыр Жапаровду мыйзамдын негизинде чыгарсын. Ага боштондук берсин", - деди Чолпонбаев.