Бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп жатат. "Ала-Тоо" аянтында электр жарыгы саат 12:40тан бери жок.
Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы жооп бере турганын айтышты. Ал эми "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан "Ала-Тоо" аянты "Бишкек свет" муниципалдык ишканасына караштуу экенин билдиришти.
"Бишкек свет" мэрияга караштуу муниципалдык ишкана болуп эсептелет. Аталган муниципалдык ишкананын басма сөз кызматынан буга алардын тиешеси жоктугун билдирип, алар көчөлөрдүн жарыктандыруусуна гана жооп берише турганын белгилешти.