Бүгүн, 2-мартта өтүп жаткан "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровду колдоо митингинде экс-депутат Жылдызкан Жолдошова сөз сүйлөдү. Анын айтымында, алар бүгүн президентке жолугуп чыгышкан.
"Бүгүн биз өлкө башчыга жолугуп чыктык. Ага жактоочунун жазган катын өз колубуз менен тапшырдык. Эми мыйзам чегинде чечим чыгат деп ишенебиз", - деди ал.
Учурда митинг уланууда.