Роза Калдарова Баткен облусунун Лейлек районунан Бишкек шаарына ооруканага келген. Ал Садыр Жапаровду колдоо үчүн митинг өтөрүн угуп, аны колдоого келгенин айтат.
"Садыр Жапаровду чыгарган соң ага мандат берип, депутат кылып шайлаш керек. Ал иштеп чек ара маселесин чечсин, иштесин. Болбосо чыгып алып жөн эле жүрө бермек беле", - дейт ал.
Ошондой эле ал өз сөзүндө, Алмазбек Атамбаев Баткен-Катыраң унаа жолун оңдоп бергенин кошумчалайт.
"Жээнбеков мага десе 20 жыл иштесин. Негизгиси Садыр Жапаровду чыгарып берсин", - дейт Калдарова.