Учурда "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган митинг уланууда.
Ал арада Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров президенттин өкүлдөрү менен жолугуп чыкканын айтты.
"Жапаровдордун сөөгү ыраазы. Ушунчалык ыраазыбыз. Биз азыр 9 адам барып, президенттин өкүлдөрү менен жолугуп чыктык. 3 күндүн ичинде бизди кайра кабыл алышып, жооп айтабыз дешти. Үч күн күтөлү. Үч эле күн", - деди ал.
Митингчилер 3 күн күткөнгө макул болушкан жок. Ал эми сөз сүйлөп бүткөндөн кийин Сабыр Жапаров кетип калды.