"Италиялыктар бизди көргөндө, оозун жаап алып качышат". Коронавирустун үчүнчү очогу болгон Италияда жашаган мекендешибиз абал тууралуу айтып берди

23 жаштагы Таалайгүл Ыбыраева коронавирустун үчүнчү очогу болгон Италияда жашап, иштейт. Ал жаз мезгилинде мекенине кайтып, ата-энесинин жанына барам дегенде вирус күч алып, аэропорттор жабылып калганын айтат. Каарманыбыз аталган өлкөдө бир катар коомдук иш-чаралар токтотулуп, италиялыктар кебетеси азиялык болгон адамдардан "үркүп" баштаганын маек учурунда айтып берди.

"Абал күндөн-күнгө курчуп баратат"

- 3 жылдан бери Италиянын түштүк тарабындагы Неаполь шаарында иштеп жүрөм. Коронавирус Италиянын түндүк тарабынан башталгандыктан, ал жакта абал курч болуп жатат. Күн сайын эртең мененки саат 10:00дө статистика жарыяланып, коомго маалымат берилет. Бирок вирус бат эле жайылып, өлкөнүн түштүк тарабына дагы жетти. Мындан улам Неаполдогу, Римдеги аэропорттор дагы жабылды. Көптөгөн Кыргыз жарандары мекенибизге кайта албай калабызбы деп кабатыр болуп жатышат. Алардын катарында мен дагы бармын.

"Кебетеси азиялык болгон жарандарды көргөндө оозун жаап алып качкан италиялыктар бар"

Мурда метродо, коомдук транспорттордо эл көп болуп, тыгылып калчубуз. Коронавирус катталды дегенден бери эл азая түштү. Италиялыктар кебетеси азиялык болгон адамдарды көрсө, мүмкүн болушунча алардан алыс туруп, обочороок басып, шектүү көздөрү менен карап калышты.

Италиялыктар башкаларга салыштырмалуу дүрбөлөңгө бат алдырчу калк келишет. Бизди (кыргыздарды) көргөндө үркүп, оозун колу менен жаба калып качып жатышат. Жумуш берүүчүлөр кызматкерлерге көчөдө узакка жүрбөгүлө, сөзсүз түрдө медициналык бет кап тагынгыла деп өздөрүнүн коопсуздугун камсыздап жатышат. Ал эми эртеден кечке чейин иштегендерди жумуш менен камсыз кылгандар коронавирусту жуктуруп албагыла деп үйлөрүнө жибербей, алып калып жатышат.

"Курорттук жайлар ээн болуп калды"

Дагы бир көзгө урунган нерсе - туристтер аябай азайды. "Позитано" деген курорттук жайга келген эс алуучулардын көпчүлүгү Кытай жарандары болчу. Жалпысынан алганда Италияга келген туристтердин 50 пайызы Кытайдан келишчү. Азыр эс алуучу жайлар ээн болуп калды. Буга чейин туристтик жайларга жолдомо алгандар компаниялардан акчаларын талап кылып жатышыптыр.

Учурда жыл сайын өтүүчү "Венеция" карнавалы токтотулду. Италиянын түндүк тарабындагы билим берүү мекемелери да жабылды. Мындан тышкары ресторандардын иштөө убактысы кыскартылды. Кытайлар иштеген дүкөндөр бийлик тарабынан жаптырылды. Ал эми дүкөндөрдө айрым азыктардын жетишсиздиги байкалууда, мисалы пасталар калбай калганын байкоого болот. Азырынча медициналык бет кап, антисептиктер үчүн узун кезекке тургандар жок.

Маектешибиз ата-энеси, жакындары кабатыр болуп, үйгө кел деп жатканын кошумчалап, мүмкүнчүлүк жаралса жакынкы арада барам деген сөзү менен жыйынтыктады.

Учурда Италияда коронавирустан 79 адам каза болсо, 2 502 адам жуктуруп алган. Бул статистика күндөн-күнгө өсүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirenaaaaa
2020-03-05 10:16:23
Алыста аман болгула.
+1
Mahabat84
2020-03-05 15:01:48
Кудайым сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан