Буга чейин эл арасында коронавирус пандемиясынан улам Бишкек шаарындагы "Дордой" базары кайрадан жабылат экен деген сөздөр жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган базардагы соодагерге байланышканыбызда, базар учурда өз нугунда эле иштеп жатканын айтты.
"Эл арасында "Дордой" базары коронавирус пандемиясынан улам кайра жабылат экен деген сөздөр чыгып жатат. Бирок биз өз нугубузда эле иштеп жатабыз. Жабылат деген так маалымат жок. Базардын администрациясы бизге эч кандай чектөө койгон жок", - деди соодагер.
Ал эми базардын администрациясына байланышуу мүмкүн болгон жок.