Бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат.
Саат 18:00гө карата митингдин айрым катышуучулары Ак Үйдүн алдына келишсе, калган бөлүгү "Манас" эстелигинин тегерегинде турат.
Ошол эле учурда Ак Үйдүн "Панфилов" сейил багы тарабында күч түзүмдөрү топтолуп жатат. Арасында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов да жүрөт. Өкмөт үйүнүн бет маңдайында да Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарынан милиция кызматкерлери автобустар менен келип жатышат.