Бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучуларын күчтөп таратуу аракеттери башталды.
Саат 18:20га карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Ак Үйдү курчоого алды. Андан ары митингдин катышуучуларын аянттан сүрүп чыгаруу аракеттери көрүлүп, суу аткыч менен аткылап, көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонулуп жатат. Митингдин катышуучулары туш тарапка качууга киришти.