Бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучуларын күчтөп таратуу аракеттери башталган.
Ал эми саат 18:20га карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Ак Үйдү курчоого алган. Андан ары суу аткыч машиналар, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулуп, бийлик митингдин катышуучуларын аянттан сүрүп чыгарып, кууп таратты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына "Ала-Тоо" аянтына медициналык бригада чакырылып кеткенин, жабыркагандар тууралуу маалымат түшө электигин айтты.