Саясатчы Садыр Жапаров отурган абакта абал тынч. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында өткөн абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп, айрым катышуучулар "Садыр Жапаров отурган абакка барып, бошотуп келебиз" деген чакырык жасашкан.
Саат 18:20га карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Ак Үйдү курчоого алган. Андан ары суу аткыч машиналар, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулуп, бийлик митингдин катышуучуларын аянттан сүрүп чыгарып, кууп таратты.
Азыркы тапта Садыр Жапаров Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.