Бүгүн, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучулар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан күчтөп таратылды. Бул тууралуу аянтта жүргөн кабарчыбыз билдирди.
Саат 18:20га карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Ак Үйдү курчоого алган. Андан ары суу аткыч машиналар, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулуп, бийлик митингдин катышуучуларын аянттан сүрүп чыгарып, кууп таратты.