Биз социалдык тармакта

Бишкек ШИИББи: "Шаарды бейбаштардан коргоп жатабыз"

Бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучуларын күчтөп таратуу аракеттери башталган.

Болжол менен саат 18:20лар чамасында суу аткыч машиналар, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулуп, бийлик митингдин катышуучуларын аянттан сүрүп чыгарып, кууп таратты.

Баш аламандыктан улам митингдин айрым катышуучуларын кармап кетип жатышканына SUPER.KG'нин кабарчылары күбө болгон.

Бишкек ШИИББине байланышып, күчтөп таратууда канча адам кармалганын сурадык.

"Учурда кармалгандардын так саны белгисиз. Себеби биз үчүн митингге катышуучулардын саны эмес, коопсуздук маанилүү болуп жатат. Шаарыбызды бейбаштык жасагандардан коргоп жатабыз", - деп билдиришти башкармалыктан.

Митингдин соңу: таш ыргытылып, көз ачыштырган каражаттар жардырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
isarti
2020-03-02 20:28:04
Бейбаштардан коргоп жатабыз дегени туура эмес болуп калыптыр
-2
Omar.
2020-03-02 20:42:53
isarti, туура эле, митингди шылтоолоп канчалаган мекемелерди талкалап тоноп кетишет, ал деле бирөөнүн оокаты да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан