Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Улуттук госпиталга "Ала-Тоо" аянтындагы митингден жабыркаган кыз кайрылды"

Улуттук госпиталга "Ала-Тоо" аянтындагы митингден жабыркаган кыз кайрылды. Ал жаракатын резина октон алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыз көк ала тактарды жана гематома алган. Учурда абалы канааттандырарлык. Анын ден соолугуна дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп жатышат", - дешти маалымат кызматынан.

Бүгүн, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратты.

Митингдин соңу: таш ыргытылып, көз ачыштырган каражаттар жардырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2020-03-03 00:33:09
Митингте кысып жатпайбы уйундо
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан