"Ала-Тоо" аянтындагы митингден кийин жалпысынан 19 адам ооруканага кайрылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кайрылгандардын 18и укук коргоо кызматкерлери. Алардын баары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ал эми 1 кыз резина октон жаракат алган. Абалы канааттандырарлык", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

Кечээ, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп тараткан.