Биз социалдык тармакта

Ак Үйдүн алдында кыйкырган аялдардын видеосу сынга кабылды

"Кечиресиздер, мен бул аялды экинчи кабаттан ыргытып жибермекмин" деп жазат видеону интернетке жүктөгөн жаран. Анда аялдардын ызы-чуу салып, Ак Үйдүн алдына келгенин көрүүгө болот. Айрыкча негизги көңүл анда кыйкырган аялдарга бурулат. Ал "Жооп бергиле, биз балдарды таштадык. Энелер келдик, энелер! Алардын сөзүн уккула, жооп бергиле!", - деп кыйкырып, Ак Үйдүн алдына келип, дүрбөлөң салышкан. Аял Ак Үйдүн эшигинен чыккан жаранды жулкулдатып, уруп киргенин дагы көрсө болот.

Мындан сырткары алар Жогорку Кеңештин аппаратында иштейм деген аялды дагы жулкулдатып, жооп бергиле деп айгай салышкан.

Кечээ, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингинин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан болчу.

Талкуу жараткан видео
Митингде Ак Үйдүн алдына чогулган аялдар
Ак Үйдөн чыккандарды сөгүп, чаап, тепкен аялдар талкууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Agayu
2020-03-03 11:12:56
Имунитеттиңерди ойлобой элди ойлош керек жетекчилер. Силер бүт бандитсиңер !!!
+2
Alixan-Nookat.2015
2020-03-03 11:25:56
Бул аялдар акчага келгендер алданып
+3
bond02
2020-03-03 11:50:31
Мен аны тааныбайм, ха ха болду да ошол жери.
+3
kuttubekuzgen
2020-03-03 12:03:29
Аии шерменде!
+1
aydinnur
2020-03-03 12:20:01
Кудай сактааа,булар апа кейпи жок ажаандар го..Жин аралап кеткен буларды.
+14
Bars88
2020-03-03 13:45:34
8-мартта боло турган журушко даярданып жаткан аялдар окшойт.
0
Munir81
2020-03-03 13:59:14
Кызык канчадан акча алды экен эжекелер
+5
bratanyn
2020-03-03 14:26:37
Чачы кыска сарыга боёлгон аялдар өтө опасный болушат.
+8
tavanova.sarah
2020-03-03 14:51:00
1300дон берди дештиле. Буларга 2000ден эле берген окшойт, аябай жан куйдургонуно караганда))
+4
Mister-X
2020-03-03 17:04:53
Садыр Жапаровду ким камаган?Атамбаев камаган.Эмнеге ошол учурда ушинтип митингге чыккан эмес?Адам кичине ойлонуш керек да.
+4
Aitunuk
2020-03-03 21:13:19
Буларды АПА, ЭЖЕ, ЧОҢ ЭНЕ деп аташтын өзү уят. Качан эле кыргыздын аялдары эркектерди жакалап, алкаштардай болуп ажылдап, беттен алчу эле. Аял аялдай болуп нарктуу сөзүн айтып үйдө отурса. Элдин кутун кетиргендер ушулар. Мындайларды 2 айга камап, штраф салып койсо, мурдунан эшек курту түшмөк. УЯТ!
+4
Krai
2020-03-03 21:36:11
Мына сага катындар деген ушу
Буларда аялдык касиеттен 1 грамм да калбаптыр ушундай адамдарды көтөрүп жүргөн жер энеге таазим жана күйөөсүнө алтындан даңк бериш керек
+1
Guliza85
2020-03-03 22:13:37
Ак элечек кийип алып,Ак уйго келгендин озу туура эмес.Ак элечек апалар ажылдап митинге эмес,акыл насаатын айтып уйдо отурса кандай жарашмак.Биз аял заты ушинтип ажылдап,беттен алып эркек сыяктанып атсак ...бизди ким сыйлайт..сабырдуу бололучу сураныч!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан