Биз социалдык тармакта

УКМК: "Митингдин уюштуруучуларынын бири жана активдүү катышуучусу кармалды"

Митингдин уюштуруучуларынын бири жана активдүү катышуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"3-мартта УКМК тарабынан ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында, 2-мартта өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири болгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жана активдүү катышуучусу Д.А. аттуу жаран кармалды. Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренеси "бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" менен шектүү катары УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын баш коргоо чарасы каралат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2020-03-03 11:27:37
Мыйзам алдында жооп берсин
+2
kuttubekuzgen
2020-03-03 12:11:13
Силер Садырга жардам бербей кайра ага проблема жуктодунор акмактар!
0
sinej
2020-03-03 23:46:34
Мыйзам алдында, эл алдында Соке дагы жооп бериш керек. Соке кетмейинче онолбойбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан