Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектүү кызматташууга тийиштүү маселелер талкууланганы айтылат.
"Улуттук экономиканын артыкчылыктуу багыттарында өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгы баса белгиленди.
Аны менен бирге республиканын тоо-кен, энергетика жана транспорт чөйрөлөрүндөгү дараметин жүзөгө ашыруу багытында мындан аркы иштешүү маселелери талкууга алынды.
Мындан тышкары Борбор Азияда аймактык сооданы өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу, анын ичинде регион үчүн жалпы ветеринардык жана фитосанитардык ченемдердин системин түзүү тууралуу сөз болду. Тараптар билим берүү, аймактарды өнүктүрүү, жалпы суммасы 145 миллион АКШ долларына салык жана статистика системин модернизациялоо долбоорунун маанилүүлүгүн белгилешти. Учурда алар боюнча күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедуралар жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматта Мухаммедкалый Абылгазиев жана Лилия Бурунчук коронавирустун өлкө аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан иш аракеттерди, алдын ала коргонуу чараларын ишке ашырууну талкуулашканы белгиленет.
Өкмөт башчы компетенттүү органдар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөө боюнча масштабдуу иштерди жасап жатышканын айткан.
Лилия Бурунчук өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банк Өкмөттүн көрүп жаткан бардык чараларын колдоого даярдыгын билдирди.