Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ага кечээ Садыр Жапаровду колдоо митинги боюнча суроолорду беришкен. Сурак 2 жарым саат болгонун кошумчалады.
Кечээ, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан.