Биз социалдык тармакта

Президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү ИИМдин жетекчилиги менен жолугушту

Президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү сот-укуктук реформаны мониторингдөө боюнча эксперттик жумушчу топ менен бирге өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сот-укуктук реформанын маанилүү милдеттеринин бири болуп саналган Бузуулар жөнүндө кодекстин жана Бузуулардын бирдиктүү реестринин бузуулардын бирдиктүү статистикасын түзүүнү ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эксперттик жумушчу топ менен ИИМдин эксперттери тарабынан Бузуулардын бирдиктүү реестри менен "Коопсуз шаар" долбоорун мониторингдөөгө байланыштуу ИИМ менен Бузуулардын бирдиктүү реестри боюнча туруктуу диалог аянтчасын уюштуруунун кайтарым байланыш механизмин түзүү жаатында чечим кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sinej
2020-03-03 23:41:58
Азыркы бийликтен элдин умуту деле жок. Сооронбайдын жеке кызыкчылыгы учун элди курал колдонууга даяр экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан