Биз социалдык тармакта

Депутат дыйкандар сүттүн баасы 35 сом болсо, солярка 45 сомдон сатылып жатканына нааразы экенин айтты

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде мунайзатты кайра иштетүүчү заводдордун абалы жана алардын өнүгүү келечеги тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда депутат Сайдулла Нышанов дизелдик күйүүчү майдын баасына кызыкты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Аманбай Кайыпов солярка азыр 44 сом 50 тыйындан сатылып жатканын айтты.

Депутат дыйкандар сүттүн баасы 35 сом болсо, солярка 45 сомдон сатылып жатканына нааразы экендигин белгиледи. "Орусиядан К-5 маркасындагы күйүүчү майды ала баштасак, кымбатка түшөбүз, дыйкандарга кыйла оорчулук келип калат. Биздин техникалар эски, аларга азырынча арзан К-3 маркасы эле туура келет", - деди Сайдулла Нышанов.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитети өкмөткө тезинен өлкө аймагындагы мунайзатты кайра иштетүү заводдорун модернизациялоо менен, кыйла таза К-4 жана К-5 маркасындагы күйүүчү майларды чыгара баштоо сунушун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maks94.kb
2020-03-04 09:11:11
Сут каякта 35 сомдон экен 15 сомдон алып кетет
Же ак уйдо 35 тапшырабы булар
+4
Erik2018
2020-03-04 10:39:54
депутат сөөрөйлөр шайлоо жакындап ар нерсени тантып суйлой бререт эми
+2
Alimbek1000
2020-03-04 11:35:03
Оппаааааа АТА-МЕКЕН тажаттынар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан