"Манас" аэропортунда Бишкек-Ош каттамы жүргүзүлбөй жатабы деген суроо менен окурман редакциябызга кайрылган. Аэропорттун маалымат катчысы каттамдар токтотулбаганын айтты.
"Эйр Манас" авиакомпаниясы Бишкек-Ош багытындагы каттамдарын 1-марттан баштап убактылуу токтотту. Учурда Бишкек-Ош аба каттамын "Tez Jet" жана "Avia Traffic" авиакомпаниялары жүргүзүп жатышат. Каттамдар токтотулган жок", - деди мекеменин басма сөз катчысы.