Францияда футболчуларга оюндун аягына чейин кол кармашып саламдашканга тыюу салынды

Коронавирустун айынан Франциянын Жогорку Лигасында (Лига 1) ойногон командаларга оюндун аягына чейин футболчулар бири-бири менен кол кармашып саламдашканга тыюу салынды. Мындай чечимди Франциянын профессионалдык футбол лигасынын президенти Натали Буа де ля Тур кабыл алган. Бул тууралуу ал франциялык басылмалардын бирине берген маегинде айткан.

"Бизге коронавирусту алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ушундай сунуш түштү. Биз мындай чечимди колдоп, башкаларга үлгү көрсөтүшүбүз керек. Футболчуларга кол кармашып учурашканга тыюу салынат", - деп билдирген ал.

Маалыматка ылайык, Франция Европа өлкөлөрүнүн ичинен коронавирусту жуктургандар боюнча Италиядан кийин экинчи орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө коронавирус менен жабыркагандар 204 адам болсо, 4 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azizbek_Musabekovich
2020-03-04 17:09:47
гол киргизгенде кол берип алса олду экен да
0
Raatbek700
2020-03-04 17:20:31
Ээч башым жетпей жатат тээ Европа олколоруно жугуп атат жанында Турган Кыргызстанга жукпайт.бир жагынан ото Эл кубанычтамын
-1
talant87
2020-03-04 17:36:50
Raatbek700,кудай сактасын десен кайдагы нерселерди айтпай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан