5-марттан 7-мартка чейин Кыргыз өлкөсүнүн аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"5-мартта күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
6-7-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт", - деп жазылат маалыматта.