Тажикстанда коронавируска байланыштуу мечиттер убактылуу жабылды. Мындай чечим кечээ, 4-мартта кабыл алынганын жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Афшин Мукимдин маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.
Ал бул чечим дин аалымдары менен бирге чыгарылган чечим экенин билдирген. Ошондой эле саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мирхомиддин Камолзода бул маалыматты тастыктап, массалык түрдө намаз окууга топтолуу убактылуу токтотулганын айткан.
Аталган мекеме ал гана эмес Бириккен Араб Эмирлигинде дагы вируска байланыштуу кичи ажылыкка дагы тыюу салганын белгилеп, бышыктап өткөн. Эскерте кетсек, Тажикстанда 4 миңден ашуун мечит каттоодон өткөн жана калкынын 99 пайызын мусулмандар түзөт.