Тажикстанда мектеп жана бала бакчалар жабылды

Тажикстанда бала бакчалар менен мектептер 27-апрелден 10-майга чейин жабылды. Маалыматты тажик басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, мындай чечим COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык штабда кабыл алынганы жазылат.

"Калктын анын ичинде балдардын саламаттыгын коргоо максатында бала бакча, орто жана жалпы билим берүү уюмдарында убактылуу каникул жарыяланды. Бирок жогорку окуу жайларында окутуулар улантыла берет. Мындан тышкары Тажикстанда массалык иш-чараларды: жыйналыштарды, семинарларды, спорттук мелдештерди уюштуруу, жана театр менен кинотеатрларда чогулууга тыюу салынды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KalenAlmaz
2020-04-25 17:56:44
Зачем?
+2
bbek
2020-04-25 18:23:07
Оорууну жашырсан олум ашкере кылат
+8
Usow
2020-04-25 18:31:30
Коптун айтуусу боюнча тажикстанда пандемия менен ооруган коп имиш но алар опко ооруу деп эле дабалап коюп жатат экен. Сакайгандар да коп имиш.
+4
aydinnur
2020-04-25 18:43:40
Акыры моюндаган экен да оору барын Эмомали Рахмон дозум))
+4
Saitov79
2020-04-25 18:57:00
Дунуйолук саламаттык сактоо Уюму текшерет дегенде секин чекесин чыгара баштагандырда. Мектебин жаап анан вирус катталды дейтда
+2
chake
2020-04-25 18:58:03
кыйын болуп бизде ооруу жок жеп жашырып жатты эле го бирок по факту бизден көп киши өлүптүр коронавирустан буларда
+3
natasha00
2020-04-25 19:14:57
Оздорун Айдан ак корсоткусу келди элего, таджик тилини билгенимде кайрылуу жасайт элем чорттуку десе... Баткенде жер талашкандан бери булардын атыны укканда конул айланчу болду!
+8
Djumahmatov
2020-04-25 21:47:35
natasha00, эмне деп кайрылуу жасайт элеңер мен жазып берем перевод кылып жаман улут болбойт жаман адам болот ыйык рамазан айында нацисттик кылба кудай жалгагыр
+1
guli-1980
2020-04-26 01:54:17
natasha00,орусча жаза берда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан