Биз социалдык тармакта

Депутат Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар тууралуу өкмөт маалымат бериши керектигин айтты

Депутат Таалайбек Масабиров Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар тууралуу өкмөт маалымат бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Сентябрь айында өтөрү айтылууда. Кандай даярдыктар болуп жатат? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыздардын көк бөрүсү ойнолобу же казактардын көкпары ойнолобу? Азыр биздин көңүлүбүздү ушул маселе өйүп турат. Тийиштүү мамлекеттик органдар азыртан ушул маселенин башын чечип алышы керек. Алдын ала макулдашууларга ылайык, Түркияда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрү ойнолмок. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, көкпар ойнолот экен деген да кабар бар. Менин оюмча, макулдашуу болгондон кийин көк бөрү негизги оюн болушу керек. Ал эми көкпар кошумча оюн катары ойноло берсин", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2020-03-05 10:27:29
120 депутат отчет угуп омотү карап отура бербей өзүңөр деле жардам бербейсинерби же мамлекет өкмөткө эле керекпи жапа тырмак баарынар жардам ьерип иштешинер керек
0
Jaznura
2020-03-05 10:27:30
Тай казансыз өтө турган көк бөрү оюнуна биздин көк бөрүчүлөр катышабы? Менимче кандай гана көк бөрү болбосун кыргыздар ат оюндары боюнча жеңишке жетишет болуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан