"Транспорт министрлиги Бишкек - Кара-Балта жолунун сапатын карап койсун" деп бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.
Анын айтымында, аталган жол бузулуп жатат. "Бир жагынан жол курулуп жатса, экинчи жагынан бузулууда. Жолдун сапатына ким жооп берет? Кандай компания куруп жатат? Ошол үчүн бул маселеге көңүл буруп коюңуздар", - дейт Рыспаев.